Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Муфтияттагы салык чыры парламентке жетти


Муфтияттын “АКБ Кыргызстандагы” 25 млн. сом акчасы былтыр декабрдан бери камакта.

Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы жана азыркы жетекчилери 2011-2012-жылдары ажылыкты уюштуруудан түшкөн кирешеден салык жашырган деп, УКМК кылмыш ишин козгогон. Маселен, 2011-жылы Салык кызматына жана Социалдык фондго 8 млн. сом салык төлөнгөн эмес деп табылып, үстүнө туум катары дагы 6 млн. сом кошулган.

Ошондой эле Социалдык фонд 2012-жылы уюштурулган ажылыктан дагы 6 млн. сом төлөнгөн эмес деп тапты. Буга байланыштуу муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, ажылык коммерциялык эмес, диний жөрөлгө болгондуктан, андан салык алууга тыюу салууну өтүндү.

- Ажылык сапардан салык алууга Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында тыюу салып берүүнү суранган элек. Ошондой эле азыркы учурда Башкы прокуратура тарабынан “АКБ Кыргызстан” банкындагы эсебибиз камакка алынган. Ушуну чечип берсеңиздер.

Муфтийдин кайрылуусун Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт комитети карады. Эгембердиев өткөн жылдын декабр айынан бери 25 млн. сом акчасы камакта тургандыктан, Мусулмандар дин башкармалыгы каржылык жактан жөндөмсүз абалга кептелгенин, коммуналдык кызматтарга карыз болуп жатышканын айтты.

Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров бул иштер атайлап жасалып жатат деген ойлорго да түртөт дейт.

- Салыктарды, туумду жана айыптарды кошкондо баары 14 млн. сом болот. Бирок 25 млн. сом каражатты камакка алып жатышат. Бул да мыйзамсыз. Бул маселелерди чече турган адамдар чечпей жаткандыгы, салык маселесине байланыштуу кылмышты экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы эмес, башка органдар козгоп жаткандыгы ар кандай күмөндүү ойлорго түртөт.

Бул боюнча соттук териштирүү учурда Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунда жүрүүдө. Рахматулла Эгембердиев да, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов да муфтият киреше тапкан коммерциялык уюм эмес экендигин, ажылыктан салык алууга болбой турганын жана кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келишет.

2011-жылы ажылыкты муфтияттын алдында түзүлгөн “Ажылык жана умра” борбору өткөргөн. Салык кызматынын билдиргенине караганда, 2011-жылы ажылыкты уюштуруу иши текшерүүгө алынганда муфтияттын эсебинде таза киреше катары 29 млн. сом акча калганы аныкталган. Андыктан мыйзамдардын негизинде ал киреше катары саналып, салык жана башка төлөмдөр төлөнүшү керектигин белгилешүүдө.

Ал эми Социалдык фонддун биринчи орун басары Теңизбек Абдыжапаровдун айтымында, ажы башчыларга төлөнгөн айлык акыдан Социалдык фонддун милдеттүү төлөмдөрү алынган эмес.

- 2012-жылы муфтият адамдарды ажылыкка алып барып келгенден кийин ажы башчыларга жана өзүнүн кызматкерлерине айлык төлөп берген. Бирок булар Социалдык фонддун камсыздандыруу төлөмдөрүн кармашкан эмес. Анын жалпы суммасы 5 млн. 900 миң сом болду. Мыйзам боюнча булар камсыздандыруу төлөмдөрүн кармашы керек болчу.

Бул иш учурда сотто каралып жаткандыктан, кандайдыр бир чечим кабыл алууга болбостугун белгилеген Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт комитети болгону сотторду аны калыс кароого чакырды. Ал эми Башкы прокуратурага кылмыш ишинин мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууну жана муфтияттын камакта турган эсебинин бир бөлүгүн камактан бошотууга жардам берүүнү тапшырды.
XS
SM
MD
LG