Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Мушаррафтын соту кийинкиге калды


Пакистандын Жогорку Соту мурдагы президент Первез Мушаррафтын иши боюнча угууну кийинкиге калтырды. Мушаррафтын адвокаттарына өз жообун даярдоо үчүн 15-апрелге чейин убакыт берилди.

Экс-президент өзү шейшемби күнкү сотко келген жок. 69 жаштагы отставкадагы генерал 1999-2008-жылдары бийликте турган кезинде Конституцияны убактылуу күчүнөн кетирип, бир нече судьяны, анын ичинде Жогорку Соттун төрагасын кызматтарынан алгандыгы үчүн чыккынчылык кылган деп күнөөлөнүүдө.

4 жылдан бери өз ыктыяры менен бозгунда жашап келген Мушарраф өткөн айда мекенине кайтып, 11-майдагы жалпы шайлоодо ат салышуу ниетин билдирген. Бүгүн сот адвокаттардын процессти шайлоодон кийин өткөрүү өтүнүчүн четке какты.

Мушарраф мындан тышкары Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун жана Балучи козголоңчуларынын лидеринин өлүмүнө байланыштуу күнөөлөнүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG