Пакистандын аскер жетекчилери кандуу кагылышта кеминде 110 согушкер жок кылынганын кабарлады. Уруулар башкарган Тирах өрөөнүндөгү исламчыл козголоңчу топтордун ортосунда согуш өткөн жума күнү башталган. Аталган өрөөн Хибер чөлкөмүндө орун алган. Бул район аркылуу АКШ башында турган коалициялык күчтөр 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткенде аскердик техникаларын алып өтөт. (EBM)