Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

AI: дүйнөдө өлүм жазасын колдонуу азаюуда


Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму өз баяндамасында дүйнөдө соңку он жылда жазанын бул катаал түрү азайганын билдирди. Ошону менен бирге эле айрым өлкөлөр өлүм жазасын кайра киргизгенине камтамачылык айтты. Алардын арасында Индия, Жапония, Гамбия жана Пакистан бар. Индияда бир канча ай мурун 2004-жылдан бери биринчи жолу өлүм жазасы колдонулган.

Уюмдун маалыматы боюнча былтыр мурунку жылга салыштырмалуу өлүм жазасына тартылгандар 2 кишиге көп болгон. Жазанын оор түрү Кытай, Иран, Ирак, Сауд Арапстан жана АКШда көп колдонулат. (EBM)

XS
SM
MD
LG