Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Эрдоган: Түркия Кыргызстанда ГЭСтерди курууга кызыкдар


Бул тууралуу Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу маалында билдирди. Анын айтымында, Түркия Кыргызстандагы суу запастарын туура колдонуу үчүн ГЭСтерди куруу планын колдойт жана муну ишке ашырууда көмөктөшүүгө даяр:

- ГЭСтерди куруу менен электр жарыгынын баасын арзандатып, газга болгон көз карандылыкты азайтууга болот. Бул жагынан өлкөдөгү суу байлыктарынын жөндөн-жөн эле агып кетиши туура эмес. Түркияда деле абал ушундай болчу. Бирок биз бийликке келген соң суу байлыктарынын баркын түшүнүп, аны туура пайдалануу менен табигый газга болгон көз карандылыгыбызды 8 пайызга төмөндөттүк. Ошондуктан Кыргызстан да суунун баркын билип, туура пайдаланат деп ойлойм жана биз да буга өз салымыбызды кошууга даярбыз.

Ошондой эле Эрдоган Түркия “Манас” аба майданында эл аралык хаб куруу үчүн өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын айтып, бул багыттагы кызматташтыкка да маани берээрин билдирди.

Кечээ Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Ал учурда Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форумуна катышууда. Андан соң кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушуусу күтүлүүдө. (ZB\BkA)

XS
SM
MD
LG