Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

Ошто Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленүүдө


Ош шаарында коомдук жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Буга байланыштуу бүгүн Ошто аны эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Мамлекеттик ишмердин 80 жылдык мааракесин белгилөө иш-чарасынын алкагында ушул жума ичинде бир катар илимий-практикалык конференциялар, көргөзмөлөр уюштурулат. Масалиевдин 80 жылдыгын белгилөө боюнча чоң маараке 19-майга белгиленген. Ага шаар казынасынан 500 миң сом бөлүнгөн.

Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган. 1985-жылдын ноябрынан 1991-жылдын апрелине чейин Кыргызстан Коммунисттер партиясынын Бобордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG