Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Түштүк Корея менен АКШ армиясын жогорку даярдыкка келтиришти


Пхеньян жаңы ракета сынашы мүмкүн деген кабардан кийин Түштүк Корея менен АКШ армиясын жогорку даярдыкка келтиришти. Түндүк Корея 3000 чакырымдан ашуун аралыкка жетчү жаңы ракетасын сынашы мүмкүн экенин маалымат каражаттары бүгүн америкалык жана түштүк кореялык расмий өкүлдөргө шилтеме менен кабарлашты. Ошондуктан азыр эки өлкө тең армияларынын согуштук аракеттерге даярдык деңгээлин жогорулатышты. Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Юн Бюң Се бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө Пхеньян ракетасын “каалаган учурда сынашы” мүмкүн экенин билдирди.

"Түндүк Корея өзүнүн орто аралыкка жетчү ракетасынын “Мусудан” деген жаңы түрүн сынашы ыктымал, - деди министр. - Ал 3,5 миң чакырымга жете ала турган ракета. Бирок аны канчалык узакка учурууну, жакында Жапониянын үстүнөн учургандай, Пхеньян өзү чечет".

Түндүк Кореянын февралдагы үчүнчү ядролук курал сыноосунан кийин Бириккен улуттар уюму ага каршы жазананы күчөткөн. Буга жооп катары Пхеньян бир канча ирет коркутууларды жасады. Кечээ коммунисттик режим коңшусу Түштүк Кореядагы чет өлкөлүктөрдү өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырып, муну жакын арада согуш башталып кетиши мүмкүндүгү менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG