Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Тажик президенти Евробиримдиктин жана НАТОнун жетекчиликтери менен жолугушту


Бүгүн Брюсселде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Европарламенттин президенти Мартин Шульц менен жолугушууда Тажикстандагы “Рогун” ГЭСинин курулушу тууралуу сүйлөштү. Бул ГЭСтин курулушуна Өзбекстан каршы, анткени расмий Ташкен “дамба Өзбекстандын эгин талааларына суу тартыштыгын жаратат” деп чочулайт.

Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында президент Эмомали Рахмон журналисттерге сүйлөп, быйыл ноябрда өтө турган президенттик шайлоого катышар-катышпасын азырынча чече электигин айтты. Андан ары Рахмон НАТОнун баш катчысы Андер Фог Расмуссен менен да жолугушту.

XS
SM
MD
LG