Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Эрдоган: АКШнын транзиттик борбору тууралуу сөз болгон жок


Бул тууралуу Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунан соң маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Эрдогандын айтымында, өкмөт башчы жана президент менен жолугушуусунда “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуу борбору тууралуу эч сөз болгон жок:

-Жүк ташуу борбору тууралуу ортобузда эч кандай сөз болгон жок. Буга чейин деле бул тууралуу сүйлөшкөн эмеспиз. Бул маселенин Түркияга эч тиешеси жок. Ошондуктан бул боюнча чечимди Кыргызстан өзү гана кабыл алат

Буга чейин Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуусунда Эрдоган Түркия “Манас” аба майданында эл аралык хаб куруу үчүн өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын айтып, бул багыттагы кызматташтыкка да маани берээрин билдирген.

Кечээ Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Ал сапарынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолукту.

XS
SM
MD
LG