Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Москвада тышкы мигранттарга иш берүү жарманкеси өттү


Жарманке Эл аралык миграция уюмунун Москва бюросу жана Москва шаардык калкты иш менен камсыз кылуу департаменти тарабынан уюштурулду. 10-апрелдеги иш-чарага бир катар курулуш компаниялары, тейлөө тармактары жана мейманканалар катышып, мигранттарга жумуш орундарын сунуш кылышты. Жарманкенин уюштуруучуларынын бири, Москвадагы иш алмашуу борборунун тышкы эмгек миграциясы бөлүмүнүн башчысы Денис Спиранскийдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай жарманкелер ай сайын 1-2 жолу өтүп турат. Жарманкеге чет өлкөлүк мигранттарга жумуш берүүгө укугу жана квотасы бар ишканалар катышат. Жарманке аркылуу мыйзамдуу жумушка орношууну каалаган мигранттардан болгону жашаган жери тууралуу мыйзамдуу каттоо кагазы болушу зарыл. Кийинки жарманке Москва шаарында 24-апрелде болмокчу.

Орусия бийлигинин бөлүштүрүүсүнө ылайык, чет өлкөлүк эмгек мигранттары өлкөдөгү жумуш орундарынын үчтөн экисин гана ээлей алышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG