Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

HRW: Сирия бийлиги элге абадан сокку уруп жатат


Эл аралык укук коргоочу Human Rights Watch уюму Сирия бийлиги жайкын тургундарга атайлап абадан сокку уруп жатат деп айыптады. Уюмдун баяндамасында бул аскердик кылмыш катары мүнөздөлгөн. Дамасктагы куралдуу кагылышты иликтеген баяндамада эл жашаган ар кайсы аймакта кеминде 50 чабуул болгону айтылат. Айрыкча нан жасаган жайлар, ооруканалар бутага алынганы аныкталган. Укук коргоочу уюм ошондой эле козголоңчуларды эл жыш жашаган аймактардан алыс кетпей согушуп жатканын сынга алды.

Бириккен улуттар уюму эки жылдан берки кандуу калабада 70 миңден ашуун сириялык набыт болгонун билдирген. Дагы 1 миллиондон ашыгы өлкөнү таштап кеткен жана 4 миллиондон көп киши Сириянын өзүндө бозгун болуп жүрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG