Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Чемпиондор Лигасы: Барселона – ПСЖ 1:1, Ювентус – Бавария 0:2


Өткөн түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын катышуучулары толук аныкталды. Испаниянын Барселонасы Франция чемпиону Пари Сен-Жерменди кабыл алып, 1:1 эсебинде тең чыкты. Экөөнүн Париждеги таймашы 2:2 эсеби менен бүткөн. Ошентип бөтөн майданда киргизген ашык голдун эсебинен Барселона жеңүүчү болуп калды. Туринде Италия чемпиону Ювентус немис “машинасы” Бавариядан өч алууга болгон күчүн үрөдү, бирок бул жолу да Бавария Мүнхендегидей 2:0 менен жеңип алды.

Европанын эле эмес, дүйнөнүн эң беделдүү саналган Чемпиондор Лигасынын жарым финалына Испаниядан эки – Барселона менен Реал, Германиядан эки – Бавария менен Боруссия (Дортмунд) команда өттү. Ошентип финал бир өңчөй бир өлкөнүн командаларынын таймашы менен өтүшү да ажеп эмес. Жарым финалдын чүчү кулак кармашы жума күнү болот. Жарым финалдык оюндар 23-24-апрелде, 30-апрелде жана 1-майда өтөт. Финал 25-майда Лондондун айтылуу Жаңы Уэмбли стадионунда. (SJ)

XS
SM
MD
LG