Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Түштүк Корея кандай ракета болсо да атып түшүрөөрүн билдирди


Бүгүн Сеулда коргоо министринин расмий өкүлү Ким Мин Сек журналисттерге сүйлөп: "Түндүк Кореянын ракеталары биздин “Патриот” системабыздын огу жеткидей аралыкта уча турган болсо, аларды ошол жерде атып түшүрө алабыз”, - деди. Мунун алдынан Түштүк Кореянын чалгын кызматтары “азыр Пхеньян орто аралыкка жетчү эки ракетасын чыгыш жээктен учурууга даяр болушу мүмкүн” дешкен.

Кечээ АКШнын коргоо министри Чак Хейгел Түндүк Кореянын аракеттери “чектен чыгып баратканын” эскертип, Вашингтон бардык провокацияга жооп кайтарганга даяр экенин айтты. Пхеньяндын февралдагы үчүнчү ядролук курал сыноолорунан кийин Бириккен улуттар уюму ага каршы санкцияларды күчөткөн. Буга кыжырланган Түндүк Корея андан бери бир канча жолу Түштүк Корея менен АКШны коркуткан аракеттерди, билдирүүлөрдү жасады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG