Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

Атамбаев Астанага барды


Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаев менен. Астана, 10-май, 2012.
Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаев менен. Астана, 10-май, 2012.

Бейшембиде президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга бир күндүк иш сапар менен барды.

Сапар учурунда ал казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу жана регионалдык маселелер боюнча сүйлөштү.

Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаковдун сапар алдында “Азаттыкка” буларды айткан:

- Эми бул иш сапар. Анан бир нече маселе бар. Ошолордун баарын биздин президент Алмазбек Атамбаев Нурсултан Назарбаев менен талкуулап, сүйлөшүп алайын деп жатат. Региондогу маселелер бар, экономикалык маселелер бар, эки тараптын ортосунда инвестициялык жана башка долбоорлор бар. Ошолор баары сүйлөшүлөт.

Сапар Исаковдун айтымында, эки президенттин жолугушуусунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселелеси да сүйлөшүлөт.

Кыргызстан менен Казакстан стратегиялык союздаштык келишимине жетишкен менен эки ортодо өнүгүп кете албаган долбоорлор бар. Маселен, Астана 100 млн. доллар өлчөмүндө инвестициялык фонд түзүүнү сунуштаган. Бирок ал азыркы кезге чейин ишке ашканы байкала элек. Тескерисинче, Кыргызстандын сүт азыктарын Казакстанда сатылуусуна чек коюлуп, республиканын мал чарбасы катуу кыйынчылыктарга учурады.

Андан сырткары кыргыз-казак чек арасында өткөрмө бекеттер толук ачыла элек. Өткөн жумада кыргыз-казак депутаттарынын чек арадагы жолугушуусунда мына ушул маселелер талкууланган.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, казак депутаттары жолугушууда туристтик сезондо жол коопсуздугун сактап берүүнү өтүнгөн. Ал эми биз үч маселе койдук дейт Иманалиев:

- Биринчи, ошол өткөрмө бекеттерди кеңейтүү маселесин көтөрдүк. Жакында сезонго байланыштуу үч өткөрмө бекети ачыла турган болуп турат: Камышановка, Капка жана Каркыра. Экинчи, биз тараптан мигранттар маселеси көтөрүлдү. Ал жакта биздин 50 миңге жакын мигрант бар. Үчүнчү, биз тараптан айыл чарба продукцияларын сатуу көтөрүлдү. Бул боюнча көп маселе болуп жаткан. Эки эле ишканага сатууга уруксат беришкен.

Иманалиевдин айтымында, айыл чарба продукцияларын Казакстанга өткөрүү маселесин казак тарап орус тарап менен кеңешүү аркылуу чечилерин билдиришкен. Белгилүү болгондой, Казакстан менен Орусия Бажы биримдигинин негизги мүчөлөрү.

Кыргыз-казак мамилесинде чек арага байланыштуу бир терс жагдай пайда болду. Кыргыз-казак чек арасы делимитацияланган менен Таласта жер алмаштыруу маселеси чыккан. Казакстандын жергиликтүү бийлиги Кыргызстандын Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын 2600 гектар жерди алмаштыруу боюнча келишимге жетишкен. Көк-Сайдагы жергиликтүү калк ага каршы чыгып жатат.


Президент Алмазбек Атамбаевдин сапары учурунда Жерүйгө байланыштуу маселе да козголушу ыктымал. Кыргызстан Жерүйдү конкурс жолу менен инвесторго берүүнү чечти. Ал эми казакстандык “Визор групп” компаниясы эл аралык сотко кайрылып, Кыргызстандан 400 млн. доллар өндүрүп берүүнү талап кылууда. “Визор групп” Жерүйдүн 60% ээлик кылып келгендигин билдирүүдө.

Экономика министри Темир Сариев “Визор групптун” маселеси эки мамлекеттин мамилесине терс таасирин тийгизбешине үмүт артууда.

Саясат таануучу Марат Казакпаев эки президенттин жолугушуусунда инвестиция маселесинин алкагында кен байлыктар боюнча маселе көтөрүлөөрүн болдойт:

- Кен байлыктар, чек ара маселеси турат. Үчүнчү, Бажы биримдиги боюнча маселе каралат. Орусия Кыргызстанды биримдикке кошууга макул болуп жатат, эми Казакстан менен сүйлөшүш керек.

Белгилеп кете турган нерсе, Казакстандын “Казакмыс” компаниясы да Жалал-Абад облусунда кен казууда соңку учурда жергиликтүү калк менен мамилеси келишпей жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG