Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Түндүк Кавказдагы эки республикада лидерлерди тикелей шайлоо токтотулушу мүмкүн


Орусиянын Түндүк Кавказдагы Ингушетия республикасы бул маселени 20-апрелге белгиленген конгрессте талкуулаганы жатат. Республиканын азыркы лидери Юнусбек Евкуровдун кызматтагы мөөнөтү быйыл сентябрда аяктайт. Региондогу дагы бир республика – Дагестандын парламенти өз лидерин тандоонун жолу боюнча 18-апрелде талкуу жана добуш берүү өткөргөнү жатат. Азырынча республиканын президентинин милдетин убактылуу Рамазан Абдулатипов аткарууда. Аны быйыл январда президент Владимир Путин дайындаган. Ингушетия менен Дагестан Орусиянын “эң эле бейстабилдүү” региондору катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG