Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Баракка гуманитардык жардам жеткирилди


10-апрелде Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак айылына гуманитардык жардам катары 10 тоннадан ашык ун, азык-түлүк жана күйүүчү май жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов билдирди.

Министрдин айтымында, бул жардамды жеткирген кызматкерлерге жергиликтүү тургундар нааразылык билдирип, чек ара жана суу маселесин тезинен чечүүнү талап кылышкан. Айрым тургундар кызматкерлерди барымтага алууга да аракеттенишкен.

Барак айылынын башчысы Буркан Ашыров гуманитардык жардам бүгүн жергиликтүү тургундарга таркатылып жатканын кабарлады. Ал окуяга мындайча түшүндүрмө берди:

- Жергиликтүү тургундар жолдун жабылганына абдан нааразы болуп жатышат. Алар гумжардам жеткирип барган бийлик өкүлдөрүнө "эмне үчүн буга кайдыгер мамиле кылып жатасыңар, эмнеге сүйлөшө албайсыңар?" деп нааразылык билдиришти. Гумжардам жеткиргендер машинеге отуруп кайтууга аракет кылганда, алардын жолун тосуп, "биз менен бирге болуп, жашообузду, көйгөйлөрүбүздү көргүлө" дегендер болушту.

Өзбекстандын ичиндеги Барак анклавында 153 түтүн жашайт, анда миңге чукул адам бар. Барактыктар күн өткөн сайын Кыргызстанга кирип-чыгуу кыйындап баратканын айтышып, аларды бул жактан көчүрүп кетүү өтүнүчү менен президентке, өкмөт башчыга жана ЖК төрагасына бир нече ирет кайрылышкан.

Мурда барактыктар Кыргызстанга "Бирлешкен" чек ара бекети аркылуу катташчу. Бекет январ айынын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып, Кыргызстан менен байланышууда кыйынчылык жаралган. (BkA)

XS
SM
MD
LG