Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Батукаев Грозныйга чартердик каттам менен учуп кеткен


Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында “Манас” аба майданынын вице-президенти Абдималик Бусурманкулов билдирди. Анын айтымында, Батукаевди 9-апрелде “Манас” аба майданынан "Challenger-300" үлгүсүндөгү учак алып кеткен. Бул үчүн аталган учак үч саат мурун келип, аба майданга тиешелүү акыны төлөп уруксат алган. Батукаев учакка олтурган соң Чеченстандын борбору Грозныйды көздөй сапар алган.

Бусурманкулов “Манас” аба майданына тиешелүү акыны төлөсө чартердик каттамдарга уруксат берилээрин кошумчалады.

Ушу тапта Жогорку Кеңеш жыйынында кылмыш дүйнөсүнүн көзүрү атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткени талкууланууда. Анда Башпрокурор Аида Салянова Батукаев ак кан дартына чалдыкканы үчүн Нарын шаардык сотунун чечимине ылайык, боштондукка чыгарылганын билдирди. Салянованын айтымында, Батукаевди ооруканага жаткырууга мүмкүн болгон эмес. Буга айрым депутаттар нааразы болуп, Батукаевдин чыгарылышын алдын-ала даярдалган акция катары баалашты. Муну менен катар алар буга жол берген күч органдарынын жетекчилеринин отставкасын талап кылышууда.

Азиз Батукаевди Аламүдүн райондук соту 2006-жылы 3-августта үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыраткан. Шейшемби күнү кечинде Батукаевдин саламаттыгы начарлап, түрмөдөн чыкканы тууралуу кабар тараган. Маалыматка ылайык, Батукаев ак кан оорусуна чалдыккан. Буга байланыштуу Нарын шаардык соту аны абактан мөөнөтүнөн мурда чыгаруу чечимин 9-апрелде кабыл алган. Ал дагы 8 жыл жаза мөөнөтүн өтөшү керек болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG