Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Парламентте Батукаевдин абактан эрте бошотулушу боюнча комиссия түзүү сунушталды


Мындай комиссия түзүүнү “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов сунуштады. Анын айтымында, Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, өлкөдөн чыгарылышын бир катар мамлекеттик органдардын алдын-ала даярдаган кутуму катары баалоого болот. Ошондуктан муну дыкат иликтеп, укуктук баа бербесе, коомдук-саясий кризиске алып келиши мүмкүн. Мындан улам Феликс Кулов бул окуяны иликтөө үчүн ар бир фракциядан экиден депутат кирген комиссия түзүүнү сунуштады. Бул сунушту учурда депутаттар талкуулап жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG