Бүгүн Каржы базарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында бухгалтер жана аудиторлордун күнүнө арналган иш-чара өтөт. Анда аталган тармактын азыркы абалы, кадрларды даярдоо маселеси боюнча баяндама жасалат. Ошондой эле өлкөдө бухгалтердик эсеп жана аудиттин өнүгүшүнө салым кошкон мыкты кызматкерлер сыйланат. (EBM)