Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Миллиондогон жапон унаалары сатыктан алынды


Жапонияда унаа чыгарган төрт компания дүйнө жүзү боюнча 3 миллион 400 миңдей унааны сатыктан алганын жарыялады. “Тойота”, “Ниссан”, “Хонда” жана “Мазда” өз-өзүнчө жасаган билдирүүлөрүндө муну унаалардын жүргүнчүлөр отурган тарабындагы коопсуздук жаздыкчалары жакшы иштебей жатканы менен түшүндүрдү. “Тойота” менен “Ниссан” 2000-2004-жылдар аралагында жасалган унааларын сатыктан алды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул унаалардагы кемтиктен жаракат алган же каза тапкан учурлар катталбаганын кошумчалады.

Жапониялык компаниялар буга чейин да ушундай эле себептер менен миллиондогон унааларды сатыктан кайтарып алган болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG