Линктер

дүйшөмбү, 27-февраль, 2017 Бишкек убактысы 03:59

Былтыр сегиз кытай жараны кыргыз паспортун алган


Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиришинче, анын экөө кыргыз, бешөө уйгур, ал эми бирөө теги кытай жаран. Жогорку Кеңештин бейшембидеги жыйынында “Республика” фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев чет элдиктер 2-9 миң долларга кыргыз паспортторун оңой эле сатып алаарын айтып чыккан болчу. Мамлекеттик каттоо кызматы мындай дооматты четке кагууда. Бирок маал-маалы менен кыргыз паспортторун мыйзамсыз алган чет элдик жарандар кармалып турат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG