19-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында “Жаз-Бишкек-Жаз” аттуу сегизинчи жаз фестивалы башталат. Бул ирет ага Европа, АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн 13 жаз тобу катышарын «Борбор Азия Арт-Менежмент» уюмунан кабарлашты. “Маданий алака менен мамлекеттер ортосундагы достукту чыңдоого” багытталган музыка майрамы 22-апрелге чейин уланмакчы. (BkA)