Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Былтыр кургак учуктан 6 бала көз жумган


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө кургак учукка чалдыккан 400дөн ашуун бала бар. Жыл өткөн сайын мындай балдардын саны көбөйүүдө. Калктын санын алганда 2011-жылы жылы кургак учукка чалдыккан 100 адамдын отузу бала болсо, былтыр бул сан 38ге чыккан.

Кыргызстанда учурда кургак учуктан жабыркагандардын расмий саны 5626 адамды түзөт. Бирок адистер кургак учукка чалдыккандар иш жүзүндө мындан да көп экенин белгилешет.(BkA\KE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG