Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


Шашылыш эскертүү:

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 14-апрелден 18-апрелге чейин күн жылып, кардын тез эришине жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү жана дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

12- апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 23…28,
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28,
Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 25 …30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 жылуу болот

Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 13…15 градус жылуу, күндүзгү температурасы 26…28 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG