Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

АКШнын Мамлекеттик катчысы Сеулга барды


Мамлекеттик катчы Жон Керри Түндүк Кореянын согуш ачуу тууралуу коркутуулары жөнсүз экендигин айтып, Кошмо Штаттар “зарыл учурда өзүн жана өнөктөштөрүн коргой тургандыгын” билдирди. Ошондой эле АКШ менен Түштүк Корея Корей жарым аралында тынч, өзөктүк куралсыз аймакты көрүүгө ынтызар экенин белгиледи.

Пхеньян өзөктүк куралын толугу менен сыноодон өткөрүп бүтө электигин айтып, коркутуп келсе, Түштүк Кореянын атайын кызматтары Түндүк Корея орто аралыкка атылчу эки өзөктүк ракетаны сыноого камданып жатат деген маалыматты билдирген.

XS
SM
MD
LG