Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Өкмөт жыйынында айрым акимдерди кызматтан алуу сунушталды


Бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ала-Бука жана Чаткал районундагы кендерге байланыштуу абалды тартипке салбаса, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматов менен геология, минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жетекчиси Ишимбай Чунуевди 1,5 ай ичинде жумуштан бошото турганын эскертти.

Жыйын жүрүшүндө вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ак-Талаа, Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Ноокат, Талас жана Кемин райондорунун акимдерин өз ишин жетиштүү деңгээлде аткара албаганы үчүн кызматтан алууну, экономика министринин орун басарлары Санжар Мукамбетов менен Айдай Курмановага, финансы министринин орун басарлары Арзыбек Кожошев менен Мирлан Байгончоковго сөгүш берүүнү сунуш кылды. Жыйында социалдык сектор боюнча вице-премьер-министр Камила Талиева саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын, билим берүү министри Канат Садыковдун, социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановдун жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрдү.

Өкмөт жогорудагы сунуштарды эске алуу менен 2013-жылдын 1 кварталынын социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктарын канааттандыраарлык деп тапты. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG