Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Өкмөттө бир катар мамчиновниктерге "сөгүш" жарыяланды


Унаа жана байланыш министрлигинин алдындагы автомобиль жана суу унаа агенттигинин башкы директору Эмилбек Таштаналиев, ушул министрликтин оор унаалардын салмагын текшерүү жана тоннель кызматы боюнча башкармалык башчысы Сыргаболот Кожобергенов кызматынан бошотулду. Мындай чечим өкмөттүн кечээги жыйынында кабыл алынды.

Жыйында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбековго, анын орун басарына, экономика министрлигинин статс катчысынын милдетин аткаруучу Айдай Курмановага, экономика министринин орун басары Санжар Муканбетовго сөгүш жарыяланды. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облус башчылары, айыл чарба жана мелиорация министри, унаа жана байланыш министри милдетин талапка жараша аткарбаса, алдыда кызматтан алуу жагы эскертилди.

Каржы министри Ольга Лавровага сын айтылып, эки орун басарына сөгүш жарыяланды. Өкмөттүн биринчи кварталдагы ишин караган бул жыйында мындан башка бир катар кызматтардын башчыларын, район акимдерин кызматтан алууну вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев сунуштаган. (AKu)

XS
SM
MD
LG