Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

УКМК кызматкерлери менен милиция кызматкерлеринин арасында чыр чыкты


Кечээ кечки саат 8 жарым чамасында Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери менен Ички иштер министрлигинин Свердлов райондук бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери арасында чыр чыкты.

ИИМдин маалыматына ылайык, коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерин коррупцияга шектүү деп кармап кетишкен. Операция өткөн жерде чыр чыгып, УКМКнын, ИИМдин кызматкерлери жана шаар тургундары чогулган. Анын чоо-жайы азыр такталууда. Милиция кызматкерлери эки кызматкердин мыйзамсыз кармалганын, сабалганын айтышууда. Окуя болгон жерге барган Бишкек шаардык милициянын башчысы Мелис Турганбаев операциянын жүрүшүн прокуратура текшергенден кийин гана маалымат бере алаарын билдирди.

Окуя болгондон кийин УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө барган. Ал жерде милиция кызматкерлери коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлерин сабап койгону маалымдалды. ИИМ менен УКМК бул маалымат такталып жатканын билдирди.

Бүгүн таң менен кармалган эки милиционердин бирөө бошотулду. (AKu)

XS
SM
MD
LG