Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Шашылыш эскертүү


14-18-апрелде тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. 15-апрелде күндүз жана 16-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 17-18-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

14-апрелге карата аба ырайы

14-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мезгил мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,
Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,
Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 24 …29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22,
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23 жылуу болот

Бишкекте 14-апрелде ала булут каптайт. Жаан дээрлик жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 24...26 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG