Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Орусия “Магнитский тизмесине” жооп катары өзүнүн “кара тизмесин” жарыялады


Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында бүгүн жарыяланган тизмеде “Гуантанамо түрмөсүндө адамдарды кыйноого, каалаганча кармаганга уруксат бергендер, үчүнчү өлкөлөрдө орус жарандарын уурдап, алардын өмүрүнө коркунуч келтиргендер бар” деп билдиришти. Орус Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич телекайрылуусунда: “Тизмелер согушун” биз баштаган жокпуз, - деп айтты. Бирок ачык эле опузалоолорго, провокацияга жооп бербегенге укугубуз жок. Орусия өңдүү өлкө менен мамилени азыркыдай диктат, акыл үйрөткөндөй таризде жүргүзүү такыр болбогон иш экенин Вашингтондогу саясатчылар түшүнүшү керек".

Москванын соңку жообу АКШ “Магнитский актысынын” алкагында 18 орус жаранын “адам укуктарын бузууга байланышкан кылмыштар үчүн күнөөлөп”, аларга өз аймагына кирүүгө тыюу салып, банк эсептерин жапкандан бир күндөн кийин айтылууда. Ошол 18 адамдын 16сы Орусиядагы түрмөдө табышмактуу жагдайларда көз жумган юрист Сергей Магнитскийдин өлүмүнө АКШ “шектүү” деп эсептегендер.

XS
SM
MD
LG