Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:36

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Шашылыш эскертүү

14-18-апрелде тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүп, суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. 15-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. 17-18-апрелде Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

15-апрелге карата аба ырайы

15-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23,
Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23,
Баткенде түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 19 …24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,
Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 18…23 жылуу болот

Бишкекте 15-апрелде күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 20...22 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG