Керри Токиого бүгүн барды. Кечээ болсо мамкатчы Кытай жетекчилиги менен ушул эле маселени талкуулап, эки тарап тең Корей жарым аралынын “куралсыздандырылышы үчүн дипломатиялык жол гана туура кадам” деп эсептей тургандыктарын айткан.
Керри Бээжинде Кытай жетекчилигин Түндүк Кореяга басым жасоого үндөш үчүн барган болчу. Бирок кытайлык лидерлер Пхеньянга кысым көрсөтөөрүн айтышпады. Кытайдын “Синьхуа” мамлекеттик маалымат каражаты Керринин визити тууралуу комментарийде “Вашингтон Түштүк Кореяда аскерий машыгуулары менен жалпы региондогу абалды өзү эле курчутуп жатат” деген өңдүү ойду айтты.
Акыркы апталарда расмий Пхеньян Түштүк Кореяга жана АКШга карата “согуш баштоо” жөнүндө түрдүү коркутуу-эскертүүлөрдү жасап келди.