Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Хорватия Европарламентке алгачкы мүчөлөрдү шайлап жатат


Өлкө 1-июлдан тарта Евробиримдикке мүчөлүккө алынаар алдында биримдиктин парламентине депутаттарын шайлоодо. Мурдагы Югославиянын республикасы, 1991-жылдан бери көз карандысыз мамлекет Хорватияда бүгүн расмий бийлик өкүлдөрү 12 депутатты тандоону “тарыхый” учур жана “жылдар бою уланган оор реформалардын багытын аныктаган маанилүү жылыш” деп аташууда.

Шайлоонун алдынан президент Иво Йосипович шайлоочуларды сөзсүз добуш берүүгө активдүү катышууга чакырган. Сурамжылоолорго караганда, Хорватия Еврошаркетке кошулушун элдин жарымынан бир аз гана көбүрөөк бөлүгү колдойт. Аналитиктер бирок бүгүнкү шайлоого эл активдүү катышпайт деп болжошууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG