Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Тажикстанда жоголгон кыздарды табууга ФБР тартылышы мүмкүн


Малика менен Сабина

Малика менен Сабина

АКШнын Тажикстандагы элчиси өткөн айдын этегинде жоголгон эки тажик кызын табууга жардам бериш үчүн Федералдык чалгын бюросун (ФБР) тартуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтты. Элчи Сьюзан Эллиот бул сунушун бүгүн Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимов менен жолугушууда билдирди. Алар коопсуздук маселелерин, терроризмге, баңги аткезчилигине каршы күрөш маселелерин талкуулаш үчүн жолугушкан эле.

Эллиот жоголгондорду табууда ФБРдин тажрыйбасы, заманбап технологиялары жардам болмоктугун белгиледи. Министр Рахимов эки кызды табуу ишинде Тажикстан кандай гана жардам болбосун, ыраазычылык менен кабыл алганга даяр экенин билдиргенин “Азаттыкка” министрликтин расмий өкүлү кабарлады.

Эки бир туугандардын кыздары - беш жаштагы Малика менен төрт жашар Сабина Араловалар - 25-мартта Дүйшөмбү шаарынын Айни районунда жоголуп кетишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG