Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Иракта соңку чабуулдарда кеминде 10 киши ажал тапты


Жекшембидеги кол салуулардан өлгөндөрдүн арасында жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан суннит талапкер да бар. Кандуу окуя өлкө түндүгүндөгү Мосул шаарында болду. Жанкечтинин жардыруусунан беш полиция мерт болду. Андан көп өтпөй Дияла провинциясында жол четине катылган бомбадан шайлоого катышып жаткан бир талапкер эки бир тууганы жана жан сакчысы менен ажал тапты.

Өткөн аптада ушул провинцияда талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусунда жанкечтинин айынан кеминде 25 адам өлүп, дагы 60тайы жаракат алган болчу. Жергиликтүү маалымат каражаттары шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 14 талапкер ажал тапканын кабарлоодо.

Иракта шайлоо 20-апрелде өтөт жана ага жалпысынан 8 миңдей адам ат салышууда. Шайлоо алдында шииттер менен сунниттердин тиреши көбөйдү. (EBM)

XS
SM
MD
LG