Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

МАИ кызматкерлеринин аттестациясы уланууда


Ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, аттестация бүгүн Баткен облусунда башталат. Андан кийин Ош менен Жалал-Абадда уланмакчы.

Аттестация эң оболу Ысык-Көл менен Нарында өткөн болчу. Анда текшерүүдөн 30 пайыздан ашык кызматкер кулап калган. Айрыкча МАИчилердин нормативдик-укуктук актыларды билбей турганы, дене тарбия даярдыгынан аксаары аныкталган. Ошондой эле теңинен көбү тапанча ата албай турганы белгилүү болгон. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG