Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Венесуэлада президенттик шайлоо аяктады


Венесуэлада эки жыл рак илдети менен алпурушуп, март айында каза болгон президент Уго Чавестин мураскорун шайлоо аяктады. Чавес тандаган талапкер, азыркы президент Николас Мадуро жеңүүчү катары сыпатталууда. Бирок акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, Энрике Каприлес Мадуронун жеңишине жолтоо болчудай.

Мадуро Уго Чавес айтып келген “21-кылымдын социализмин” алдыга жылдырууну, жакырларга каражат бөлүүнү, экономиканы көзөмөлдөөнү убада кылып келет. Каприлес болсо өнөкөткө айланган тамак-аш тартыштыгына, инфляцияга, кылмыштуулуктун көбөйүшүнө жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына жол ачкан өкмөткө каршы чыгууда.

Венесуэла дүйнөдөгү ири мунай корун көзөмөлдөп, Латын Америкадагы солчул мамлекеттерге экономикалык жардам көрсөтүп келет.

XS
SM
MD
LG