Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Коррупцияга шектелген милиционер эки айга камалды


14-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту пара алды шектелген Свердлов РИИБүнүн кызматкери Эркин Мамбеталиевдин баш коргоо чарасын карап, УКМКнын тергөө абагына эки ай камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын маалымат кызматынан билдирди. 12-апрелде УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызматтын ыкчам тобу Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери Эркин Мамбеталиев жана Тилек Сарбашев аттуу кызматкерлерин кармаган. Буга Бишкек тургунунан 20 миң сом пара алууда деген кабар себеп болгон. Кармоо учурунда милиция кызматкерлери каршылык көрсөтүп, эки жаат ортосунда чыр чыгып, ок атылган.

Ушундан кийин милиция кызматкерлеринин Свердлов РИИБдеги кызматтык бөлмөлөрү тинтүүгө алынган. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери УКМКнын кызматкерлерине кол көтөргөн. Бирок Бишкек шаардык милициясы, чекисттер ур-токмокко алынды деген маалыматты четке кагууда. Кармалган милиция кызматкерлеринин бири Тилек Сарбашев 14-апрель күнү камактан чыгарылган. Кагылыш кесепетин эки милиция кызматкери, 1 чекист жаракат алып, оорукана жаткырылганы айтылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG