Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Оппозиция митинг өткөрүүгө камынууда


Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, жакын арада парламент Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл албаса, 24-апрелден баштап Бишкекте 10 миң адамдын катышуусунда нааразылык акциясы башталат. Анда учурдагы парламентти таратуу талабы коюлат.

“Эл үнү” иштеп чыккан бул долбоордо кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд” компаниясынын ортосунда 2009-жылы түзүлгөн келишимди дароо жокко чыгаруу сунушталган. Мыйзамды демилгелөө үчүн аталган кыймыл 10 миң жарандын колун топтогон. Буга чейин бул мыйзам долбоорун парламенттеги “Ата Журт” фракциясы карап, жактырган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG