Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Иракта экинчи күн катары менен кол салуулар болду


Ирактын бир катар чөлкөмүндөгү теракттар кеминде 19 кишинин өмүрүн алып кетти. Полициянын маалыматына ылайык, жардыруулар Багдад, Фаллужа, Киркук жана түштүктөгү бир нече шаарчада болгон. Жардыруулардан жүздөй киши жараланды. Кечээ да бир нече кол салуудан бери дегенде 10 киши, анын ичинде суннилердин жергиликтүү шайлоого талапкери каза тапкан. Ушуну менен өнөктүккө катышуу ниетин билдирген 14 кандидат набыт кетти. 20-апрелде жергиликтүү кеңештердеги 450 орун үчүн 8 миңден көп талапкер ат салышмакчы. Коопсуздук себептеринен улам бийлик суннилер байырлаган эки чөлкмөдө добуш берүүнү кийинкиге калтырды.

XS
SM
MD
LG