Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Керри шериктер Пхеньянга каршы бириккенин билдирди


Мамлекттик катчы Жон Керри Кошмо Штаттары жана чыгыш Азиядагы өнөктөштөрү Түндүк Кореянын коркутуп-үркүтүүлөрүнө каршы бириккенин билдирди. Бүгүн Токио университетинде сүйлөгөн мамкатчы Пхеньянды атомдук куралдан баш тартуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткарып жатканын далилдеген “олуттуу кадам” жасоого үндөдү.

Түндүк Кореянын өзүндө болсо бүгүн мамлекеттин түптөөчүсү Ким Ир Сендин туулган күнүн майрамдашууда. Айрым аналитиктер бул датага карата Пхеньян ракета сыноосун өткөрүшү мүмкүн деп болжолдоп келишти.

Акыркы жумаларда коммунисттик Кореянын жетекчилиги Түштүк Корея, АКШ жана Жапонияга ракетадан сокку урулаарын эскертип келатат. Анын алдында БУУ Түндүк Кореянын февралда жүргүзгөн ядролук сыноосуна жооп иретинде санкцияларды күчөтүүнү жактырган.

XS
SM
MD
LG