Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Өзгөндөгү митинг аяктады


Өзгөн районунун борборунда “Ата Журттун” камактагы депутаттарынын тарапкерлери уюштурган митинг аяктады. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Алишер Бакышев кабарлады. Анын айтымында, Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда чыгышына тиешеси бар күнөөлүүлөрдү жазалоону жана “Ата Журт” фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотууну талап кылган 60ка жакын адам 3-4 сааттык митинг өткөргөн соң тынч тарап кетишти.

Буга чейин митингдин уюштуруучулары акцияга 500дөй адам катышканын айтса, көз карандысыз байкоочулар алардын саны 150дөй экенин кабарлашкан болчу. Митингчилер жогорудагы талаптар аткарылбаса, жакынкы күндөрү нааразылык акцияларын Бишкекке келип улантышарын билдиришкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG