Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Пайзуллабек Рахмановдун иши сотко өттү


Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин мурдагы жетекчиси Пайзуллабек Рахмановго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Рахманов Бишкекте Свердлов районунун акими, Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв агенттигинин жетекчиси болуп иштеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталып жатат.

“Ак жол” партиясынын мүчөсү Рахманов 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин сыртка чыгып кеткен. Жаңы бийлик ага эл аралык издөө жарыялап, 2012-жылдын 15-июнунда Казакстандын Жамбыл облусунан кармалган. Жанынан Беларустун жараны Пазыл Ташбаев деген жасалма документ табылган. Рахманов Казакстандан Кыргызстанга 29-январда алынып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG