Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Депутаттык комиссия Шамил Атахановду кызматтан четтетүүнү сунуштады


Жогорку Кеңеште бүгүн "кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы" атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия тергөө учурунда вице-премьер-министр Шамил Атахановду кызматтан убактылуу четтеттүүнү сунуштады. Комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин айтымында, Батукаевди Грозныйга алып кеткен Challenger-300 учагын Кыргызстанга алып келүүнү жана тейлөөнү “Анилия” аттуу компания уюштурган. Ал эми бул компанияга Шамил Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетекчилик кылган. Бул боюнча Атаханов эч кандай билдирүү жасай элек.

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевди өткөн жумада "айыкпас илдетке кабылды" деген жүйө менен Нарын шаардык соту абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарган. Батукаев ошол эле күнү Чеченстанга чыгып кеткени белгилүү болгон. Батукаевдин бошотулушу боюнча маселе бейшембиде парламентте каралып, анын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG