Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Атаханов: Батукаевди учурган компанияга уулумдун тиешеси жок


(Сүрөттү басып чоңойтуп алыңыз)
(Сүрөттү басып чоңойтуп алыңыз)
Кыргыз өкмөтүнүн күч структуралары үчүн жоопту вице-премьер Шамил Атаханов 9-апрелде Азиз Батукаевди салып кеткен учакты тейлөөгө "уулумдун эч кандай тиешеси жок"- деп билдирди.

"Ал учакты APR деген компания тейлеген. Бүгүн Жогорку Кеңеште комиссия атаган адамдардын аталган компанияга тиешеси жок. Андан тышкары комиссия айткан адамдар ал кезде Бишкекте жок болчу, кечээ Москвадан кайтып келди", - деди Атаханов "Азаттыкка" берген интервьюда.

Вице-премьер комиссия жалган документтерге таянганын кошумчалап, муну аны кызматтан кетирүү аракети катары баалады. Атаханов ошондой эле Батукаевдин ишин иликтөөдө комиссия ишенимдүү документтерге таянышы зарылдыгын баса белгиледи.

Анын алдында APR Жоопкерчилиги чектелген фирманын директору А.Зеличенко "Азаттыктын" дарегине жиберген расмий билдирүү катында "Гозен Эйр" компаниясы 9-апрелде Алматы-Бишкек-Грозный каттамы боюнча жасаган рейсти АPR хендлинг компаниясы тейлегени көрсөтүлөт. Билдирүүдө Аба каттамдары боюнча Башкы борбордун дарегине толтурулган кагаздарда ката кетирилип, учакты Бишкекте тосуп алган фирма катары Данияр Атаханов жетекчилик кылган "Анилия" компаниясы көргөзүлүп калган. Данияр Атахановдун APR компаниясына эч кандай тиешеси жок.

Бүгүн Жогорку Кеңеште "кылмыш дүйнөсүнүн авторитети" атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча комиссия тергөө учурунда вице-премьер-министр Шамил Атахановду кызматтан убактылуу четтеттүүнү сунуштаган. Комиссиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев: "Батукаевди Грозныйга жеткирген Challenger-300 учагын Кыргызстанга алып келүүнү жана тейлөөнү “Анилия” аттуу компания уюштурган. Аталган компанияга Шамил Атахановдун уулу Данияр Атаханов жетекчилик кылат" - деп билдирген.

Батукаевди өткөн жумада "рак оорусуна кабылды" деген жүйө менен Нарын шаардык соту абактан мөөнөтүнөн мурда чыгарган. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. "Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы" атыккан Батукаевдин бошотулушу боюнча маселе бейшембиде парламентте каралып, анын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG