Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Түркияда белгилүү пианист исламга акаарат келтирди деп соттолду


Түркиянын соту белгилүү пианист Фазиль Сайды 10 айга шарттуу кести. Бүгүн Стамбул соту ал “калктын бир бөлүгүнүн диний баалулуктарынаа акаарат” келтирген сөздөрү үчүн айыптуу деп тапты. Твиттерде жана башка социалдык түйүндөрдө жарык көргөн комментарийлердин биринде ал “маскарапоздор менен уурулар аллахисттер” деп жазган. 43 жаштагы музыкант Берлин, Нью-Йорк, Токио жана Израилдеги оркестрлер менен концерт берип жүрдү.

Түркия кошулууга умтулуп жаткан Европа Биримдиги сот өкүмүнө байланыштуу камтамасын билдирди. Биримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы “Түркиянын сөз эркиндигин урматтоосу маанилүү” деди.

XS
SM
MD
LG