Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Венесуэла: Николас Мадуро шайлоодо жеңүүчү аталды


Венесуэла Улуттук шайлоо комиссиясы Николас Мадурону президенттик шайлоодо жеңүүчү деп расмий жарыялады. Аз гана добуш менен артта калган анын атаандашы Энрике Каприлес добуштардын кайра саналышын талап кылууда.

Расмий маалымат боюнча Мадуро шайлоочудардын 50,7 пайыз добушун алды. Ал эми Каприлести 49,1 пайызы колдоду. Узак оорудан каза тапкан мурунку президент Уго Чавес Мадурону мураскер деп атаган жана Шайлоо комиссиясынын тыянагын сыйлоого чакырган болчу.

Шайлоо жыйынтыгы жарыялангандан кийин оппозиция тарапкерлери нааразылык акцияга чыкты. Полиция аларга каршы көздөн жаш агызчу газ колдонду. Америка мамлекеттеринин уюму жана АКШ шайлоо жыйынтыгын көз карандысыз текшерүүдөн өткөрүүгө чакырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG