Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Акыйкатчы парламент комитетинде отчет берет


Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинде былтыр жасалган иштер тууралуу отчет берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин Акыйкатчы институту былтыр 12 миңден ашуун адам кайрылганын маалымдаган.

Ушул жылдын январь айында Турсунбек Акун Жогорку Кеңеште акыйкатчылыкка кайрадан шайланган болчу. Кыргызстанда акыйкатчы институту мындан 11 жыл мурда түзүлүп, алгачкы акыйкатчы азыркы депутат Турсунбай Бакир уулу болгон. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG