Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

ЖККУнун Туруктуу кеңешинин Кой-Таштагы көчмө жыйыны өтүп жатат


Бүгүн Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Туруктуу кеңешинин эки күндүк көчмө жыйыны уланууда. Анын алкагында, Туруктуу кеңеш мүчөлөрү бүгүн Кой-Таштагы аскердик бөлүккө барышты. Ага ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Александр Студеникин, Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев катышууда.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, быйыл алгач ирет өтүп жаткан көчмө жыйында чек арадагы коопсуздукту биргелешип камсыздоо, уюмдун аскердик карым-катнашын чыңдоо маселелери талкууланат.

ЖККУга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат. Аталган аскердик-саясий уюм 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда алты мамлекет - Кыргызстан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус мүчө. Өзбекстан былтыр уюмдан чыгып кеткен болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG