Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 22:34
АКШнын Бостон шаарындагы кош жарылуунун себептерин азыр Федералдык Чалгын Бюросу (ФБР) ошол чакта көчөдө тартылып калынган видео-тасмалардын негизинде иликтеп жатат.

Кечээ Америкадагы эң белгилүү Бостон марафону учурунда болгон жарылуулардан кеминде үч адам набыт болгон, 130дай киши жаракат алды. Биринин артынан экинчи бомба марафондун марасына жакын жерде жарылып кеткен эле. Имараттардын айнектеги күүлүп, элдер жерге кулап, айлананы түтүн каптап кеткен. Жабыркагандардын арасында жаш балдар да бар. Азырынча жардырууну ким жасаганы белгисиз.

Президент Барак Обама: “бомбаны ким жардырбасын, баары бир табылат жана жазасын алат”, - деп касам ичти.

Президент Обама муну “террор чабуулу” деп атаган жок, окуя азырынча иликтенип жатканын гана белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG